БАГДАД. Бүгүн Саддам Хуссейиндин адвокатына Ирак диктоторунун жана анын бир тууганы Барзандын жеке буюмдарын чогултуп койууга көрсөтмө берилди. Андан мурдараак болсо Хуссейин Американын аскердик түрмөсүнөн Ирактын түрмөсүнө которулары жөнүндө маалымдалган болучу. Ирактын расмий өкүлдөрү бул маалыматтарды төгүнгө чыгарууда. Ал эми АКШнын Багдаддагы элчилиги маалыматка комментарий берүүдөн баш тартты. Саддам Хусейин жана анын бир тууганы адам баласына каршы иш кылды, деген айып менен өлүм жазасына кесилди. Айрым маалыматтар боюнча өкүм жакынкы күндөрдүн ичинде ишке ашырылат. Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча өкүлү бул өкүмдү ишке ашырбай койо турууга чакырып, Хусейинди соттогон сот бейтарап болгонунан күмөн санады.