Түштүк Кореянын дипломаты Пан Ги Мун 1-январдан баштап БУУнун баш катчысынын кызматына киришти. Ал буга чейин эл аралык уюмду 10 жылдан бери башкарып келген Кофи Аннандын ордуна келди. 2001-жылы Аннан БУУ менен бирге Нобель сыйлыгына татыктуу болгон.