9:00 Ажылык сапардан кыргызстандык зыяратчылар 6-январдан тарта кайта баштайт

Ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын маалыматына караганда, зыяратчылар учурда ажылыктын бардык жөрөлгөлөрүн аткарып бүтүшүп, жолго камынышууда. Алардын алгачкы тобу 6-январда Дубайдан Кыргызстанга учмакчы. Быйыл Меккеге Кыргызстандан төрт жарым миңдей зыяратчы барган.