9:49 Баш мыйзамдын жаңы редакциясы өлкөдөгү саясий кырдаалды курчтушу ыктымал

Саясат таануучу Карыбек Байбосуновдун пикирине караганда, ал кырдаалды курчутуп эле калбастан, бийликтин алмашуусуна алып келиши мүмкүн. Жарандык коомдун өкүлдөрү болсо баш мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынышын демократиядан артка чегинүү катары баалашууда. Эми айрым саясий күчтөр баш мыйзамдын бул редакциясын жокко чыгарууну талап кыла баштаарын, муну менен өлкөдө саясий кырдаал дагы курчуурун башка саясатчылар да белгилешүүдө.