9:58 Конституциянын жаңы редакциясына президент кол коер-койбосу азырынча белгисиз

Бул маселе майрамдык эс алуулар бүткөндөн кийин, 8-январдан соң белгилүү болоорун кечээ «Азаттыкка» президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев билдирди. Жогорку Кеңеш баш мыйзамдын жаңы редакциясын өткөн жылдагы эң акыркы отурумунда, 30-декабрда кабыл алган.