АКШда Демпартия Сенатта жана Өкүлдөр палатасына көзөмөлүн өз колуна расмий алууда

12 жылдан бери биринчи жолу эки палатада тең көпчүлүккө ээ болгон демократтар президент Буштун Ирак саясатын тыкыр көзөмөлдөп, Жер абасынын ысышына байланышкан проблемаларга көбүрөөк көңүл бурууга сөз берген.