11:29 Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча жыйын Кочкор райондук акимчилигинде өтүп жатат

Жыйынга экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Жаныш Рустембеков, ошондой эле башка тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү катышып, комиссиялар маалымат берүүдө. Райондогу жабыр тарткан турак үйлөрдү жана коомдук жайларды тыкан текшерип, аларга жардам көрсөтүүнүн деңгээлин аныктоо макстында 3-ноябрда он бир комиссия түзүлгөн. Алардын акыркы тыянагы 7-январга чейин чыгарылып, өкмөткө берилери мурда кабарланган. Буга чейинки маалыматтарга караганда, комиссия 13 миңден ашык турак жайды карап чыкты. (BuS)