ӨКМӨТ ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИН ТҮЗҮҮНҮ КААЛАЙТ

Өкмөттүн жаңы структурасы парламентке берилген. Андагы өзгөчөлүктөрдүн бири өнөр жай жана энергетика министрлигинин түзүүнүн каралышы. Мындай министрликти түзүү менен канчалык максатка ылайыктуу? Ал тармакты кризистен чыгарууга жол ачабы?
Өлкөнүн экономикасынын арка-бели болгон энергетика тармагы көптөн бери төлөбөстүктөрдүн кризисине кабылып келет. Мурунку президент абалдан чыгуу үчүн вице премьер даражасында энергетика боюнча атайын өкүл кызматын түзүп, ага Жантөрө Сатыбалдиевди дайындаган. Бирок маселе чечилген эмес. Андан кийин бөлүштүргүч тармактарды, алардын ичинен алгач «Түндүкэлектрону» концессияга берүү демилгеси көтөрүлгөн.

Мына ушул демилгени азыркы президент Курманбек Бакиев да колдоп, бул багытта мыйзам кабыл алууну Жогорку Кеңешке тапшырып келет. Президент энергетика министрлигин түзүү тармакты кризистен чыгарууга алып келбесин да айткан.

Бирок өкмөттүн структурасын түзүү укугуна ээ болгон премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов өзү сунуштаган структурада энергетика тармагын министрликке айлантууга кадам таштап, анда өнөр жай жана энергетика министрлигин түзүүнү караштырган.

Бирок энергетиканы башка тармактарга кошпой, өзүнчө министрлик кылып түзүүнү жактагандар жок эмес. Маселен, Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик агенттиктин статс катчысы Батыркул Баетов мындай пикирин айтат:

-Гидроэнергетикада биздин келечек абдан чоң. Бул тармактагы 91% потенциалыбызды колдоно элекпиз. Ошонун баарын пайдаланыш үчүн бирдиктүү мамлекеттик орган болушу абдан зарыл. Ал орган башка тармактар менен кошулбаш керек. Өнөр жай жана башкаларга кошуп койгондо болбой калат. Казактар кошуп алып кандай болгонун көрүп жатпайбызбы .

Батыркул Баетовдун пикиринде, бирдиктүү орган түзүү энергетика тармагын кризистен чыгарууга түздөн-түз жол ачат.

Өлкөнүн мурунку вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов Кыргызстанда энергетика менен суу маселеси бекем байланышта, ошондуктан суу-энергетика министрлигин түзүү максатка ылайыктуу дейт:

-Азыр биздин энергетикабыз түздөн-түз суу ресурстары менен байланышкан. Ошондуктан биз энергетика-суу ресурстары деген министрлик түзүшүбүз керек. Анан биз Борбор Азияда күчтүү суу-энергетика саясатын жүргүзүшүбүз керек. Ошону биз жүргүзө албай кийинки он беш жылдын ичинде Борбор Азияда күчүбүздү толугу менен жоготуп алдык.

Мына ушундай министрлик сунуш менен мамлекет жетекчилигине кайрылганын, бирок ал жактан жооп боло электигин Мамбетов белгилей кетти.

Ысыккөл облусунун мурунку губернатору Эсенгул Өмүралиевдин пикиринде экономика, тышкы соода жана өнөр жай министрлигин мурунку калыбында калтыруу максатка ылайыктуу. Анткени бул тармактар бири-бири менен тыгыз байланышта.Ал эми энергетика тармагын өзүнчө министрлик катары түзүү максатка ылайыктуу:

-Кыргызстан үчүн энергетика өзгөчө тармак. Анткени келечекте биздин экономиканын чоң локомотивинин бири энергетика. Биздин сууларда 140 миллиард килловат саат энергетия өндүрсө болот. Ошон үчүн келечекти карап, муну өзүнчө министрлик кылып түзүп койсо эң эле туура болот.