ДОЛЛАР АРЗАНДАЙТ, БИРОК КАДЫРЫ КҮЧ БОЙДОН КАЛАТ

Кыргызстан дагы дүйнөлөшүүнү баштан кечирип жатат. Дүйнөлүк базардагы доллардын олку-солку абалы Кыргызстанга катуу таасирин тийгизе элек, мисалы, бүгүн деле кыймылсыз мүлк мындан 10 жыл мурдагыдай эле америкалык доллар менен бааланат. Бир себеби сомго карата катнашында доллар анча арзандаган жок, бирок эл аралык субъект катары өлкө албетте жер шарындагы номер биринчи валюта болгон доллардын келечегине кызыкпай коё албайт.
Ушул бейшембиде доллар еврого карата дагы арзандады. 2005-жылдан бери тынымсыз нарксызданып келаткан доллар бирок керектен чыгып, эртең эле евро менен алмашып калышы мүмкүн деп тынчсызданууга негиз жок.

Биринчиден, валюта резервинин бир бөлүгүн еврого өткөргөн Орусия, Швецария, Бириккен Арап Эмираттары жана башка өлкөлөр доллар айлануудан чыгат дегени үчүн эмес, бизнестин тили менен айтканда, портфелдерин диверсификациялоо үчүн ушул кадамга барышты. Башкача айтканда казынасында ар түрдүү валюталардын болушуна кам көрүшүүдө.

Анын үстүнө, бүгүн дүйнөдө күнүгө триллиондогон доллар айланып турат, ал эми еврого мисалы Бириккен Арап Эмираттары болгону 2 миллиард долларын алмаштырды.

2006-жылы евро долларга караганда 11 пайызга, ал эми фунт стерлиң 14 пайызга көтөрүлдү. Бирок жакын арада борбордук банктар жапырт еврого көчө баштайт деп ойлоого негиз жок, анткени бул алардын кызыкчылыгына туура келбейт.

Айталы, Кытай жакында доллардан баш тартабыз деп каңкуулады. Бирок буга барса, Кытайдын өзүнө эле кыйын болуп калат. Себеби АКШнын казынасы чыгарган баалуу кагаздарды Жапониядан кийин эле Кытай эң көп санда, тактап айтканда, 345 миллиард долларга сатып алган. Мунун 44 миллиардын акыркы бир жылда алды. Мындан тышкары Кытайдын валюта казынасында бир триллион долларга тете каражат болсо, анын 700 миллиону доллар түрүндө сакталат.

Эми ойлоп көрсөңүз, эгер Кытай доллардан баш тартса, бул доллардын дагы арзандашына түрткү болот, демек өлкө кармаган америкалык баалуу кагаздар да арзандап, аны саткандан кытайлар зыян тартып калат, казынасында тирелип жыйылган доллардан да пайданы аз көрөт.

Ошол эле убакта, евродон долларга эч кандай коркунуч жок деп ойлоп калбаш керек. Торонтодогу "ТД Секюритис" фирмасынын валюталар боюнча стратеги Шон Осборн белгилегендей, келерки 5-10 жылда болбосо да, андан кийинки мезгилде ар кандай болуп кетиши ажеп эмес.

Айрым экономисттер жаңы башталган 2007-жылда доллар дагы арзандайт деп болжошууда, келерки алты айда бир доллар азыркы 1 евро 33 центтен 1 евро 40 центке чейин нарксызданышын болжошууда. Бирок көп экономисттер америкалык доллар дүйнөдөгү номер биринчи валюта бойдон кала берет деп ишенишет.

"Евронун баркы өсүп баратат, бирок ал доллардан да барктуу болуп калат деп ойлобойм", дейт "Глобал Инсайт" изилдөө институтунун Кошмо Штаттары боюнча башкы экономисти Нигел Голт.

Башкача айтканда, доллар арзандайт, бирок жакын арада ал бир тыйынга арзыбай калат деп шек санабай эле коюңуз.

Жаныл Жусубжан, Прага