Ирактын премьер-министри Нури Ал-Маликинин кеңешчисинин айтымында негизи күрттөрдөн түзүлгөн эки бригада Ирактын түндүгүнөн, ал эми түштүктөн шииттердин бир бригадасы Багдадга чакыртылат. Иракта болгон жаңы жардырууда жана атышууларда америкалык беш жоокер жана кеминде Багдаддын он төрт тургуну курман болду.