12:25 Башкы прокуратура чуулгандуу кылмыш иштер боюнча жыйынтыкты ушул айда чыгарат

Бул тууралуу башкы прокурордун басма сөз катчысы Токтогул Какчакеев бүгүн билдирди. Анын маалыматы боюнча, коллегия январь айынын соңунда болот. Мына ошондо жыйынтыктар каралат. Белгилү болгондой Аксы окуясы, буйрутма киши өлтүрүүлөр жана Акаевдердин мүлкүнө байланыштуу иштерди жыл аягына чейин иликтеп бүтүүнү президент өткөн жылы башкы прокуратурага тапшырган.