Сочи 2014-жылы кышкы Олимпиадалык оюндарды өткөрүүнү каалайт

Орусиянын Сочи шаары 2014-жылы боло турган кышкы Олимпиадалык оюндарды өткөрүү сунушун Эл аралык олимпиадалык комитетке тапшырды. Мындан сырткары Түштүк Корея жана Австриянын дагы ушундай сунуш менен кайрылуусу күтүлүүдө. Олимпиада өткөрүлчү шаар үстүбүздөгү жылы 4-июлда тандалат.