“СҮТ БУЛАККА” СҮТ САТКАНДАР НААРАЗЫ

Түп районунун Жылуубулак айылындагы сыр заводуна ал жердеги сүт өткөргөн эл нааразы болуп атат. Анткени накта сүттү 2-5 гана сомдон баалап өндүргөн продукциясын дагы райондун аймагына сатпайт экен.
Он жыл мурда швейцариялыктар жер алдынан чыккан булактын суусун текшерип, анын экологиялык тазалыгы жогорку сапатта аныкталгандыктан, ошол булактын көзүнө сүттү кайра иштетүүчү завод курушкан. Бирок, Швейцария менен Кыргызстандын биргелешкен “Сүт булак” аталган бул сыр заводу жабык иш жүргүзүп келатканын эл төмөндөгүдөй жоруйт экен:

- Биринчиден, булар эмне чыгарат, ассортименти кандай элге эч кандай маалымат бербейт. Экинчиден, мен “Сүт булакка” нааразымын, анткени булар монополист болуп алган. Булар булактын суусун колдонуп атат. Ошого жараша биз Түп районунун тургундары өзүбүздө турган “Сүт булактын” продукциясын жей албайбыз. Бишкекке барганда сырды ошол жактан сатып келебиз, - деди Клара Алышбаева.

Бул заводго сүт өткөргөн бардык айылдардын тургундары сүткө коюлган баалардын арзандыгына нааразы:

- Жайкысын 3 сом 50 тыйындан, бүгүнкү күнгө 5 сом 90 тыйындан төлөшөт. 20 саан уйум бар. Быйыл жылдагыдан азыраак сүт алдык. Сүттү күнүгө 50-60 литрден өткөрөм. Бирок ал актабайт, чөп кымбат, - жылына 20 тонна сүт өткөргөн Кеңсуу айылынын фермери Төлөмүш Сатаев.

Ал эми Чоңташ айылынан Арстанбек аттуу жигитти сөзгө тартсак:

- 3-4 сомдон алышат сүттү. Сүттүн майлуулугуна карабайт, бүт элдики ошол баа менен эле кетет, - деди эки уйунун сүтү менен үй-бүлөсүн баккан жигит.

Айрым жашоочулар завод таза сүтүбүздү алып, кечинде жараксыз деп кайра бергени туура эмес дешти эле, аны сүт кабыл алган айымга билдиргенибизде мындай жооп узатты:

- Мен сүттү алганда температурасын текшерип анан алам. Ал жака жеткенде температурасы түшүп калгандыктан алышпайт. Ошого эл нааразы болуп атат, - деди Таня Сагынтаева.

Ал эми 10 жылдан бери өндүрүштө иштеген Дилбара Дүйшөбаева чыгарган жети түрлүү сыр, йогурт, май жана башка жаңы азыктарды Кумтөр ишканасынын жана Бишкектеги фирмалардын заказына гана кетээрин билдирди.

Швейцария менен биргелешкен бул заводдун Кыргызстанга канча пайда бергенин жумушчулардын абалын билүү үчүн ишканага баш бакканыбызда жетекчисинин орунбасары Нургүл Касымакунова киргизбей туруп кайтаруучулар аркылуу кабыл ала албайм деп айттырыптыр. Көрсө булар кабарчыларды эле эмес, облус жетекчилерин дагы тоготпойт экен.

Түп районунун акими завод жетекчилери губернатор барганда араң сөзгө келгендигин айтып, айрым гана финансылык карыздарын биле алдык дейт:

- Булар күтүлгөнүн мынча деп берсе, ошого бүгүнкү күндө 600 миң НДС боюнча салык бербептир, - деген Өмүрбек Шаршеналиев, эгерде “Сүт булак” заводу сүттүн баасын көтөрбөй, алган кирешелерин ачык көрсөтпөсө күч органдары менен текшерүү жүргүзө турганын кошумчалады:

- Азыр милициянын начальнигине тапшырма бердим, 15не чейин күтөм. Бүткүл республикага кат жазып, тиешелүү органдар менен текшерүү жүргүзбөсөк, булар чынын айтканда сезгенбей атат. Элге иштейли, жардам берели деген ою жок болуп атат.

Макала даярдалып калганда “Сүт булак” заводдун Каракол шаарындагы жетекчиси Болот Шамырканов жогорудагы элдин жана жергиликтүү бийликтин доомааттарын четке какты.