Еврокомиссия отун-кубат секторунда реформалоо планын жарыялады

Еврокомиссиянын жетекчиси Жозе Мануэл Баррозу реформанын негизги максаты аба-ырайынын кескин ысышы менен күрөшүү, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана Европадагы ишканаларга отунду орточо баада жеткирүү болгондугун белгиледи. Реформалар Евробиримдиктин бардык мүчөлөрү макулдугун бергенде гана жүрө баштайт.