Бул тууралуу кечээ Иордан падышасы Абдулла АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен жолугушуу учурунда билдирди. Эгерде талашты токтотуунун жолу табылбаса, анда зордук-зомбулук күч алат деп белгиледи падыша Абдулла. Иордан падышасы, эгерде ирактык сунниттерге өлкөнүн саясий жана коомдук турмушуна катышууга мүмкүнчүлүк берилбесе, Иракта тынчтык орнобойт деп кошумчалады.