Ажылыктан кайткан зыяратчылардын акыркы тобун салган учак кечээ кечки тогуздарда Ош аба майданына конду. Жаракат алгандарды алып келгени барган дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Жолборс Жоробековдун айтымында, Сауд Арабиясында дарыланууга муктаж дагы 11 кыргыз атуулу калды. Алардын экөөсүнүн абалы оор. (SM)