Орусияда эмгек мигранттары үчүн жаңы эрежелер киргизилди

15-январдан тарта Орусияда мурдагы Совет өлкөлөрүнөн келген мигранттар үчүн жаңы мыйзам иштей баштады. Ал мыйзамга ылайык, милдеттүү каттоо жараяны жөнөкөйлөштүрүлгөн, бирок мигранттар иштөөгө уруксатты он күн аралыгында алышы керек.