Орусиянын өзөктүк кубат боюнча министрлигинин мурдагы башчысы Евгений Адамов ага коюлган айыптоолордун бардыгын четке какты

Евгений Адамовго 1998-жылдан 2001-жылга чейинки аралыкта министр болуп турган учурда кызмат абалынан пайдаланып 17 миллион долларды менчиктеп алган деген кине коюлууда. Эгерде Адамовго коюлган айыптоолор далилденсе, ал 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.