10:05 Жаңы жылда көтөрүлгөн эмгек акыларды кечиктирбей төлөп бергенге казынада каражат жетпейт

Жаңы жылдан тарта мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият ишмерлеринин эмгек акысы 30 пайызга жогорулаган. Бирок, казынада акча каат болгондуктан, жогорулаган эмгек акы дароо берилбей, экинчи, а балким үчүнчү чейрекке өтүп кетиши мүмкүн деген сөз жүрүп жатканын депутат Б. Мурзубраимов козгоду. Ф. Кулов бул сөздүн жөн чыкпагандыгын, чынында эле жогорулаган эмгек акыны төлөп бергенге казынада акча жок экендигин, бул маселе бюджет бекигенден кийин ачыкталарын билдирди.