8:50 Президент Курманбек Бакиев бүгүн 15-Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүн сыйлайт

Өткөн жылдын соңку айында Катардын Доха шаарында өткөн Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар 2 күмүш, 4 коло байгеге ээ болушкан. Спортчуларды Катарга узатып жатып, өлкө президенти алдыңкы орунду ээлегендерди үй жана акчалай сыйлыктар күтөөрүн убада кылган.(SM)