Израил Палестин автономисянын жетекчилигине бербей келаткан бажы салыктарын өткөрүп берди

Израил Палестин автономияcынын жетекчилигине бербей келаткан бажы салыктарын өткөрүп берди. 100 миллион доллар өлчөмүндөгү салыктар палестин автономиясына киргизилип жаткан товарлардан Изриаль бажы кызматы тарабынан топтолгон болучу. Палестин аймактарына киргизилип жаткан товарлардын бажы салыгын Изарилдин бажы кызматы топтоп, автономияга өткөрүп берип туруучу. Бирок, автономияда Хамас бийликке келген 2006- жылдан бери Израиль салыктарды бербей калган. Бул жолу Израиль топтолгон салыкты Хамас башкарган финансы министрлигине эмес, президент Аббастын кеңсесине которду.