12:10 Жаш ишкерлер бирикмеси зилзаладан жабыркагандарга 192 миң сомдук жардам көрсөттү

Бул тууралуу Жаш ишкерлер бирикмесинин төрагасы Алмаз Бейшеналиев «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында бирикменин өкүлдөрү Кочкор районуна барып, зилзаладан катуу жабыркаган адамдарга 192 миң сомдук азык-түлүк таратышты. (IJz)