Ооганстандын түштүгүндө коалициялык күчтөрдүн курамына кирген 5 аскер бомбанын жарылуусунан жарадар болду. НАТОнун маалымат катчысы Дэвид Марштын ырастоосунда, жарылуудан кийин талибдер деп шектелген согушкерлер аскерий колоннага ок ачышкан. Бейпилдик күчтөрүнүн жардамга келген тик учактары согушкерлердин турумдарын бомбалашты.