14.30: Парламент алдына Ф. Куловдун жактоочулары митингге чыгышты

Жогорку Кеңештин алдына азыркы өкмөттү колдогон ураандар менен 50дөй киши митингге чыкты. Алардын колунда “Бакиев-Кулов тандеми ажырабасын”, “Тандемдин бекемдиги үчүн”, "Азыркы өкмөттү колдойбуз” деген плакаттар бар. Бул митингди ЖК комитетинде Феликс Куловдун маселеси каралышына байланыштуу “Жаңы мезгил” партиясы уюштурган.(ChO)