16:20 Тажик сотунда эки кыргыз атуулдун иши 24-январда каралат

Исфара райондук соту эки кыргызстандык атуулга адам уурдаган жана талоончулук-каракчылык кылган деген айып тагууда. Бул эки адам 2006- жылдын соңунда Казакстандан кулчулуктан качып келатабыз деген тажик атуулдарды мекенине жеткиришкен. Кыргыз укук коргоочулардын пикиринде, жол кирени төлөгөндөн качып жалган жалаа менен тажик чек арачыларына карматышкан.