Иракта жардыруулар менен ок атышууда 8 киши мерт кетти

БАГДАД. Иракта бүгүн ок атышуулардан жана жардыруулардан бери дегенде 8 киши курман болду. Мосулдагы салгылашууларда 5 ирактык полициячы курман болду, ал эми Багдадда машинеге орнотулган бомбанын жарылуусунан 3 киши мерт кетти.
Кечээ болсо Бакуба менен Багдадда болгон жардыруулардан бери дегенде 100 киши каза болгон. Американын аскердик командачылыгынын айтымында жыл башынан бери эле Иракта 49 америкалык солдат курман болду.