Бул тууралуу Казакстандын транспорт жана коммуникациялар министри Серик Ахметов «Мегаполис» басылмасындагы маегиндe билдирди. 88 чакырым узундуктагы бул жолдун 62 чакырымы Казакстандын, калганы Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт. Жол Алматыдан Бишкек аркылуу Ысыккөлгө барганга караганда 200 чакырымдай кыска болуп, андан күнүнө 25 миң автоунаа жүрөөрү күтүлүүдө. Министрдин айтымында, жолду куруу боюнча кыргыз тарап менен да макулдашылган. (SM)