Казакстандын Шахтинск шаарында 8 кенчинин үстүнөн сот иши башталды

Алар сентябрда көмүр кенинде 41 кишинин өмүрүн алган жардыруу үчүн жооптуу деп айыпталууда. Шахтерлордун адвокаттары жардыруу шейит кеткен кенчилердин күнөөсүнөн улам болгон деген пикирде. Тергөөчүлөр шахтадагы метандын жарылуусу эмгек коопсуздугу сакталбагандыктан орун алган деген бүтүмүн чыгарган.