11:00 Жогорку Кеңеш комитеттин бүтүмүн колдогон жок

Парламентте жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Феликс Куловдун талапкерлигин артка кайтаруу тууралуу токтомду 36 гана депутат колдоп, анын өтүшү үчүн 2 добуш жетпей калды. Учурда Феликс Куловду премьер-министрлик кызматка шайлоо үчүн бюллетендерди даярдоо иштери башталды.