Өкмөт үйүндөгү жолугушууга ЖК төрагасы баштаган комитет, фракция башчылары катышууда. Анда премьер-министрликке талапкер боюнча сөз болуп жатат. Бул маселеде президент депутаттарга «5-6 талапкерди сунуштагыла же мен өз талапкеримди көрсөтөйүн» деген 2 вариант сунуштады. Тараптар бүгүн бир пикирге келсе жаңы талапкер кечке чейин парламентке сунушталат. (SM)