17:12 Президент Курманбек Бакиев премьер-министрликке жаңы талапкерди парламентке сунуштады

Азыр айыл жана суу чарба министринин милдетин аткарып жаткан Азим Исабековдун талапкерлиги бул кызматка көрсөтүлөөрү бүгүн түшкө жуук белгилүү болгон. Мындай чечим президенттин Жогорку Кенештин төрагасы баштаган комитет жетекчилери жана фракция башчылары менен болгон бүгүнкү жолугушуусунда кабыл алынган болчу.(SM)