07:00 Кыргыз-кытай дипломатиялык байланышына он беш жыл болду

Буга байланыштуу өткөн жумада Кытай Эл Республикасындагы Кыргызстандын элчилиги атайын иш-чара өткөрүп, ага Кытайдын тышкы иштер министрлигинен өкүлдөр, буга чейин Кыргызстанда элчи болуп иштеп кеткен Кытайлык дипломаттар жана башка расмий адамдар катышты. Жыйында кыргыз-кытай дипломатиялык байланышынын жетишкен ийгиликтери тууралуу сөз болуп, эки өлкөнүн ортосундагы достук-кызматташтык мамилени мындан ары да чыңоо жөнүндө айтылды.
Кыргызстан менен Кытайдын достук-кызматташтык мамилеси боюнча келишим 1992-жылы 5-январда кабыл алынган.