11:43 «Антихипик» кыймылы Бишкекте түштүк дарбазадан Алатоо аянтына чейин жөө жүрүш баштады

Саны жүз жыйырманын айланасындагы адамдар колдоруна «Бийлик террор методдорун колдонууда», «Биз Кыргызстанды кайра жаратууну жактайбыз», «Антихипик-элдин биримдиги» деп жазылган ураан-чакырыктарды көтөрүп алышкан. Алардын ичинде «Асаба», «Ата Мекен», Жашылдар партияларынын, «Жебе» жаштар кыймылынын,
«Антихипик» кыймылынын өкүлдөрү бар. (KCh)