ТЕГЕРАН. Иран АКШнын президенти Джордж Буштун Ирандын Ирактагы агенттерине каршы эң катуу чара көрүү буйругун "террордук акт" катары сыпаттады. Иран парламентинин бийик мартабалуу өкүлү Алладин Буруджердинин айтымында, мындай буйрук бардык эл аралык нормаларга каршы келет. Американын президенти тынч жаткан элге жана Американын аскерлерине кооп келтире турган ирандык агентердин баарын коопсуздандырууга же жок кылууга буйрук берген. Буштун буйругу боюнча андай чаралар Иракта гана колдонулат.