Ишемби күнү Пешавар шаарындагы шииттердин мечитиндеги жардыруудан он беш адам курман болуп, ондон ашуун киши жараат алган. Аскерлер шиит мечиттерин Ашура күнүнө карата коргойт деп билдирди Ички иштер министри Афтаб Хан Шерпао. Ашура-шииттердин үчүнчү имамын эскерүү күнү.