Евробиримдик Ооганстанга келерки төрт жылда 600 миллион евро бөлөт

Бул каражаттар саламаттыкты сактоо тармагын, сот органдарын реформалоого жана айыл-чарба тармагын өнүктүрүүгө жумшалат. Ооган Тышкы иштер министри Ранжин Дадфар Спанта Евробиримдиктин өкүлдөрү менен Берлиндеги жолугушуусунда террорчул топтор кулач жайгыча өлкөдөгү кырдаалды тез арада жөнгө салуу керектигин айткан.