Кытай президенти Ху Цзиньтао он эки күндүк иш сапарынын алкагында шейшембиде Камерунга келди

Кытай президенти Камерундун премьер-министри Эфрейм Инони менен саясий жана экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулайт. Камерундан кийин Ху Цзиньтао Судан, Намибия, Түштүк Африка республикасы, Сейшел аралдары, Либерия, Замбия жана Мозамбикке барат.