Адам укуктары жаатында кырдаал өзгөрө турган болсо Евробиримдик Өзбекстанга салган санкцияларын кайра карап чыгышы мүмкүн деп билдирди Германиянын Өзбекстандагы элчиси. Германия февралдан баштап алты ай бою Евробиримдикте төрагалык кылат. 2005-жылы Анжияндагы кандуу калабадан кийин өзбек чиновниктерине Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө кирүүгө тыйуу салынып, курал-жарак сатууда чектөө киргизилген эле.