Кечээ президент Бакиев Кыргызстан менен Өзбекстан жарандарынын визасыз катташуулары тууралуу мыйзамга кол койгон. Эми эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери нота алмашкандан кийин келишим күчүнө кирет. Мындай келишимге тараптар өткөн жылы президент Курманбек Бакиевдин Ташкенге жасаган расмий сапары учурунда кол койгон. Ага ылайык, эки өлкө жарандары бири-бирине 60 күн аралыгында визасыз каттоосуна жол ачылмакчы.(SM)