Президент Махмуд Ахмадинежад Ирандын өзөктүк программалары тууралуу жаңы билдирүү жасады

Ислам революциясынын 28-жылдыгына байланыштуу сүйлөгөн сөзүндө, Ахмадинежад өзөктүк программаны токтотпостон өнүктүрө бере тургандыгын билдирди. Өткөн жылы декабрда уранды байытууну токтотпогондугу үчүн БУУнун Коопсуздук кеңеши Иранга каршы санкцияларды киргизген эле.