Калкты эмгек менен камсыз кылуу жана миграция комитетинин Орусиядагы өкүлү Тажимамат Шаболотовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча бул маселе чечилүү алдында турат. Анын айтуусунда аталган суроо Орусиядагы Кыргызстандык мигранттар тарабынан көптөн бери эле көтөрүлүп келе жаткан. Жаңы жыл алдында аталган комитет бул боюнча тиешелүү документтерди даярдап, өкмөт башчынын кароосуна өткөрүп берген. Эгер өкмөт колдоп, чечип бере турган болсо, “жүк-200” деп аталган жүктү Кыргызстанга алып келүүдө жолго кетүүчү чыгымдын жарымын калкты жумуш менен камсыз кылуу жана миграция комитети төлөп бермекчи. Тажимамат Шаболотовдун сөзү боюнча Орусияда каза тапкан Кыргызстандыктардын саны тууралуу так маалымат жок, эгер бул система ишке кирсе, так эсебин алууга да мүмкүнчүлүк түзүлмөк.