Вашингтондун айтымында, Иранга каршы АКШ согуш баштабайт

АКШ коргоо министри Роберт Гейтс кечээ күнү Вашингтон шаарында журналисттер менен жолугуп, Иранга каршы Америка согуш даярдаган жок, бирок Иран тараптан кошуна Иракка курал берилип жатканын токтотот деп билдирди. "Учак конуучу экинчи кемени жиберүү менен биз шерик жана кас мамлекеттерге - Перс булуңу менен бүткүл аймак жана андагы коопсуздук АКШнын улуттук кызыкчылыктарына киргени жөнүндө белги берип жатабыз", - деди Гейтс 2-февралда. Мурда региондо учак конуучу бир америкалык кеме бар болчу жана аймакка экинчи кеме жиберилип жатканын айрым эксперттер - Иранга каршы согуш баштоого АКШ даярданып жатат деп чемелеген.