Азыр Конгрессте Демократиялык партия үстөмдүк кылууда. Буш террорчулукка каршы күрөшкө бардыгы болуп 245 миллиард доллар, анын ичинде Ооганстан менен Ирактагы аскерий операцияларга быйылкы жылга кошумча дагы жүз миллиард доллар сурамакчы. Буштун планы боюнча келээрки жылдын бюджети 2.9 триллион долларды түзүшү керек.