НАТО күчтөрү менен талибтер ортосундагы кагылышуудан чочулап, Ооганстандын түштүгүндөгү Муса Кала кыштагынын тургундары үйлөрүн таштап кетүүдө. Беш жүздөн ашуун үй-бүлө Гильменд провинциясындагы райондорго качып кетти. 3-февралда Ооганстанда НАТО күчтөрүнүн абадан урган соккусунан талибдердин жетекчилеринин бири Гафур молдо өлтүрүлгөн эле.