Меккеде Палестин топторунун сүйлөшүүсү жүрүп жатат

МЕКKЕ. Сауд Арабиянын Мекке шаарында атаандаш Палестин топторунун автономияда бирдиктүү өкмөттүү түзүү сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат. Ага Фатх кыймылы тарабынан Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас ал эми Хамас тарабынан хамасчылардын лидери Калед Мишал катышууда. Сүйлөшүүгө ошондой эле автономиянын өкмөт башчысы Хамастын мүчөсү Исмаил Ханьянын катышуусу күтүлөт. Сабырдуу көз караштагы Фатх менен радикалдуу көз караштагы Хамастын ортосундагы жаңжал былтыр Хамас парламенттик шайлоодо жеңип чыгып, бийликке келген соң башталган.