16:00 «Каракече кожоюнунун» соту 16-февралда башталат

Адвокат Жумабек Шакиров бүгүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда, «Каракече кожоюну» атыккан «Жоомарт» патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуевдин соту Биринчи май райондук сотунда 16 февралда башталат. Мотуев мамлекеттик мүлктү талап-тоногон деген негиздеме менен кармалып, өткөн жылдын 23-майынан бери Бишкектеги тергөө абагында отурат. Ага каршы жыйырмадан ашык том кылмыштык документтер топтолгон. Мотуев муну саясий куугунтук катары баалап, тагылган айыпты мойнуна албай келатат. (BuS)