19:55 Эл аралык каржы уюмдары HIPC боюнча жаңы өкмөттүн позициясына кызыгууда

Дүйнөлүк Банк менен Валюта кору HIPC программасына жаңы өкмөттүн пикирин билүүгө кызыкты. Аталган уюмдар бүгүн ушундай мазмунда билдирүү таратты. Эгер, жаңы өкмөт Кыргызстандын карызын HIPC программасы аркылуу кыскартууга кызыкдар экенин дагы бир ирет бышыктаса, Дүйнөлүк Банк менен Эл аралык Валюта Кору өздөрүнүн директорлор кеңешине Кыргызстанды сунуштоого даяр деп айтылат кайрылууда. Буга чейин аталган уюмдар кыргыз өкмөтүнөн карызды HIPC аркылуу кыскартуу боюнча сунуштарды алган. Билдирүүдө белгиленгенге караганда, программа аркылуу Кыргызстан бир миллиард долларга жакын карызынан кутулат. Ал үчүн кыргыз өкмөтү экономикалык өсүштү, ресурстарды ачык-айкын башкарууну, коррупцияны азайтууну камтыган реформаны ишке ашырышы керек. Уюмдар ошондой эле Кыргызстан ар тараптуу, арбын карыздарды кыскартууга багытталган HIPC, MDRI программаларына өз каалоосу боюнча гана кире ала тургандыгын баса белгилеген. Эл аралык валюта кору менен Дүйнөлүк банк Кыргызстандын карызын кыскартуудан пайда өндүрүүгө кызыкдар эмес деп айтылат билдирүүдө.(BuS)