Янукович: Паламент жаңы саясий оюнду баштады

Украинанын премьер-министри Виктор Янукович газ куурларын сатууга, ижарага берүүгө жана менчиктештирүүгө тыйуу салган мыйзамды парламенттин кабыл алуусун саясий оюн катары баалады. 6-февралда парламент Януковичти газ куурларын Орусияга өткөрүүгө аракет жасап жатат деп айыптаган эле. Янукович бул айыптоолорду четке кагып, сөз жаңы газ куурунун курулушу жөнүндө гана болгон деп билдирди.