Багдадда Ирактын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Хаким аз-Замили камакка алынды

АКШнын командачылыгынын маалыматына ылайык, аз-Замили америкалык жана ирактык аскерлердин министрликте жүргүзгөн рейд учурунда кармалган. Полициянын айтымында, аз-Замили шииттердин лидери Моктад ас-Садранын кыймылынын мүчөсү болгон. Саламаттыкты сактоо министри Али Шемари бул айыптоолорду четке кагып, жүргүзүлгөн рейд Ирактын суверендүүлүгүн бузууда деп айтты.