Аткезчилик жолу менен Иракка жеткирилген бомбалардан америкалык жүз жетимиш жоокер курман болуп, алты жүздөн ашууну оор жараат алган деп айтылат Ирактагы америкалык командачылыктын атын атабаган өкүлдөрү Багдадда тараткан билдирүүдө. Маалыматтарга ылайык, Ирандын революциялык гвардиясы Ирактагы согушкерлерди колдоп келет. Расмий Иран бул айыптоону четке каккан.